Алтун: «Түркия Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн эмес, мүчөлүккө чакырылуусун бекитти»

Фахреттин Алтун Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөн НАТОнун саммитинде Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосунда кол коюлган меморандумга байланыштуу Швециянын Expressen гезитинин суроолоруна жооп берди.

1853429
Алтун: «Түркия Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн эмес, мүчөлүккө чакырылуусун бекитти»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүн эмес, мүчөлүккө чакырылуусун бекиткенин айтты.

Фахреттин Алтун Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөн НАТОнун саммитинде Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосунда кол коюлган меморандумга байланыштуу Швециянын Expressen гезитинин суроолоруна жооп берди.

Меморандумдун НАТОго мүчөлүгү катары каралбашы керектигин белгилеген Алтун, бул жерде чакыруу бар экенин жана Түркиянын бул чакырууга макулдугун бергенин айтты.

Швеция өкмөтүнүн террор менен күрөшүүдө керектүү кадамдарды таштоо боюнча жазуу түрүндөгү милдеттенме алганына көңүл бурган Алтун: «Процесстин башынан бери Швециянын мүчөлүгүнө биз өзүбүз баа бере турганыбызды билдирген болчубуз. Швеция эгемен мамлекет катары кээ бир милдеттенмелерди алды. Түркия да эгемен мамлекет катары бул милдеттенмелерге жараша кадам таштады. Башкача айтканда Швеция Түркиянын талаптарын аткарууга убада берди»,-деп айтты.

Түркиянын Швецияга террорист деп эсептеген адамдардын аты-жөнүн кабарладыбы деген суроого Алтун, билдирилген адамдардын меморандумда Швеция тарабынан террордук уюм катары таанылган ПКК, ЙПГ же ФЕТӨ менен байланышы бар экенин жана булардын Түркияга гана эмес, ошону менен бирге Швеция элине жана Швециянын кызыкчылыктарына коркунуч туудура турганын баса белгиледи.

Алтун бул жерде маанилүү нерсенин бул адамдардын эки тараптуу жана эл аралык келишимдерге ылайык жана ачык далилдер менен экстрадицияланабы же экстрадицияланбайбы дегенде турганын белгиледи.

Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу суроого Алтун, Швецияга үчтүк меморандум менен чакырууга макулдук бергендерин, бирок берилген убадалардын аткарылышы бул процессте чечүүчү болорун баса белгиледи.

Фахреттин Алтун Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн жазуу жүзүндөгү милдеттенмелерин аткаруусунан көз каранды экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар