Акар:«Жакынкы аралыкта оң жыйынтыкка жетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуддун биргелешкен маалымат жыйынынан кийин Акар журналисттердин «дан коридору» тууралуу суроосуна жооп берди.

1852923
Акар:«Жакынкы аралыкта оң жыйынтыкка жетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украина портторунан дан ташыган кемелердин эвакуацияланышы үчүн түзүлүшү пландалган «дан коридору» темасында: «Жакынкы аралыкта оң жыйынтыкка жетүү үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуддун биргелешкен маалымат жыйынынан кийин Акар журналисттердин «дан коридору» тууралуу суроосуна жооп берди.

Украина портторунан эгин жүктөлгөн кемелердин эвакуацияланышы үчүн түзүлүшү пландалган «дан коридору» сүйлөшүүлөрүндөгү акыркы абал тууралуу суроого жооп берген министр Акар, президент Эрдогандын «Азык-түлүк кризисин» чечүүгө багытталган дипломатиялык иштери жана көрсөтмөлөрүнүн алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн оң натыйжа берип жатканын айтты.

Деңиз навигациясында техникалык аспектилердин коопсуздук өлчөмү бар экенин, бул тууралуу Украина, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюму менен координацияда иштөөнү улантышарын белгилеген Акар: «Тиешелүү министрликтер жана мекемелер менен иштешүүнү улантып жатабыз. Жакынкы аралыкта оң натыйжаларды алуу үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз»,-деп айтты.

«Түркиядан дагы Орусияга делегация барабы?» деген суроого, «Мүмкүн, барсак болот, маектештерибиз да келиши мүмкүн»,- деп жооп берди.

 «Сиздин оюңузча, дан коридорунун ишке ашырылышында кечеңдөө барбы?»-деген суроо боюнча Акар мындай деди: «Бул жаатта төрт маанилүү актер бар: Түркия, Орусия, Украина жана БУУ. Бул тема боюнча деңиз навигациясында коопсуздук жагы бар. Миналардын жана порттордун коопсуздугу маселеси бар. Өлкөлөрдүн кооптонуусу сыяктуу түрдүү маселелер бар. БУУ тарабынан кабыл алынган резолюциялар, түзүлгөн бир алкак жана план бар. Булардын баарын баалоо менен бир жол табуу аракети болуп жатат. Түркиянын жасап жаткандарын акыл-эстүү эл аралык инсан жана мекемелер менен өкмөттөр баалап жатышат»,-деди.



Тектеш кабарлар