Малайзиянын премьер-министри Сабри Түркияга келет

Малайзиянын Анкарадагы элчиси Сазали Мустафа Камал басма сөзгө билдирүү жасады.

1851684
Малайзиянын премьер-министри Сабри Түркияга келет

Малайзиянын премьер-министри Исмаил Сабри Якуп эки тараптуу карым-катнаштарды жана экономикалык байланыштарды күчтөндүрүү, ошондой эле авиация жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыкты алдыга жылдыруу максатында эртеңден баштап 4 күндүк расмий сапар менен Түркияга келет.

Малайзиянын Анкарадагы элчиси Сазали Мустафа Камал басма сөзгө билдиргендей, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен боло турган иш сапарда эки өлкөнүн коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынан кийинки мезгилдеги кызматташтыгынын талкууланышы күтүлүүдө.

Эки лидердин жолугушуусунун Малайзия менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык үчүн дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгилеген Сазали: "Эки лидерлердин эки тараптуу кызматташуудан тышкары Украина жана азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселелерди талкуулашары күтүлүүдө", - деди.

Сазали Якуптун шаршемби күнү Түркиянын эң ири коргонуу жана авиациялык фирмаларынан Машина жана Химия индустриясы аукционердик компаниясы менен Түрк авиация жана космостук өнөр жайына барууну пландаганын айтты.

Малайзиянын премьер-министринин бейшемби күнү борбор шаар Анкарада президент Эрдоган менен жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын жыйынына катышуусу пландалууда.



Тектеш кабарлар