Эрдоган: «Греция менен согушуу ниетибиз жок»

Эрдоган Стамбулда билдирүү жасады.

1850842
Эрдоган: «Греция менен согушуу ниетибиз жок»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биздин Греция менен согушуу ниетибиз жок»,-деп айтты.

Эрдоган Стамбулдагы билдирүүсүндө, Греция менен болгон чыңалууга токтолду. Президент Эрдоган: «Биздин Греция менен согушуу ниетибиз жок. Бирок алар берген убадаларын аткарбай жатышат. Маселе мына ушунда»,- деди.

Эрдоган: «Алар 147 аба эрежесин бузушту. Эгер коңшу болсок, дос болсок эмне үчүн аба мейкиндигин бузуп жатасыңар. Ушундай кылсаңар биздин аба күчтөрүбүз жооп кайтарышат. Греция уланта берсе биз да өз милдетибизди аткарабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Кара деңизден ачылышы пландалган эгин коридоруна байланыштуу болсо:

«(Орусия президенти Владимир) Путин жана (Украинанын президенти Владимир) Зеленский менен жетекчилерибиз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Биз ортомчу катары жапа чеккен өлкөлөргө буудай, арпа, күн карама жөнөтө алабыз. Ал жакта биздин 20га жакын кемебиз бар, каалаган учурда кетүүгө даяр»,- деп билдирди.

Эрдоган Стамбулдагы Улуттук коргонуу университетинин аскердик институттарынын бүтүрүү аземинде да сөз сүйлөп: «Эгейдеги укуктарыбыздан кымындай да баш тартпай, эл аралык келишимдердин бизге берген мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу менен батыштагы кургактык, аба жана деңиз чек араларыбызды коргой турганыбыздан эч ким күмөн санабашы керек»,-деди.

Президент: «Ортобуздагы чыңалууну диалог жана сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылгандын ордуна бирөөнүн этегине жашынып бейбаштык кылган Греция башкаруусуна да аймагыбыздагы кырдаалдан жана бир кылым мурунку окуялардан сабак алууну сунуштайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар