Түркиядан Гаитиге саякат жана коопсуздук эскертүүсү

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Гаитиге саякат жана коопсуздук жарыясы жасалды.

1849507
Түркиядан Гаитиге саякат жана коопсуздук эскертүүсү

Түркия учурда Гаитидеги жагымсыз коопсуздук шарттары жана кылмыштуулуктун көбөйүшүнө байланыштуу түрк жарандарынын зарыл иштерден тышкары бул өлкөгө баруудан баш тартуусу пайдалуу экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү маалыматында, Гаитиге саякат жана коопсуздук жарыясы жасалды.

Билдирүүдө: «Учурда Гаитидеги жагымсыз коопсуздук шарттарын жана кылмыштуулуктун көбөйүшүн эске алуу менен жарандарыбыздын милдеттүү кырдаалдардан тышкары, бул өлкөгө баруудан баш тартуусу пайдалуу болот», деп айтылды.

Түркиянын Гаитиде элчилиги жок экени жана бул өлкөгө Түркиянын Санто-Домингодогу (Доминикан Республикасы) элчилигинин аккредитациялангандыгы белгиленген билдирүүдө: «Учурда Гаитиде жашаган же бул өлкөгө саякаттап жаткан жарандарыбыз биздин Министрлик жана Санто-Домингодогу элчилигибиз тарабынан берилиши мүмкүн болгон кошумча эскертүүлөргө жана жарыяларга баш ийип, жеке коопсуздугу үчүн зарыл болгон чараларды көрүүсү маанилүү» деп эскертилди.

Билдирүүдө ошондой эле түрк жарандарынын консулдук чалуу борбору +90 312 292 29 29, Түркиянын Санто-Доминго элчилигинин +1 809 532 77 83 (борбордук) жана +1 849 206 46 41 (шашылыш) номерлеринен же embajada.dominicana@mfa.gov.tr электрондук почта дареги аркылуу түз байланышса боло турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар