Евробиримдик Кременчук соода борборундагы кол салууну айыптады

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ЕБнин кол салууну эң күчтүү түрдө айыптаганы белгиленди.

1849207
Евробиримдик Кременчук соода борборундагы кол салууну айыптады

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусиянын Украинанын Кременчук шаарындагы жайкын тургундар жүргөн соода борборуна кол салышын айыптады.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ЕБнин кол салууну эң күчтүү түрдө айыптаганы белгиленди.

Кол салуу учурунда соода борборунда жүздөгөн жарандын болгону кабарланган билдирүүдө: «Бул, акыркы убактарда Киев жана берки аймактардагы жарандык имараттарга жана инфраструктурага ракеталык чабуулдар менен бирге Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн карапайым калкка жана жарандык инфраструктурага карай бир катар кол салууларынын бири болуп саналат. Жарандык жана жарандык объектилердин бомбаланышы кабыл алынгыс жана согуш кылмышы болуп саналат. Бул агрессивдүү аракеттер жана алар алып келген кыйроолор менен адамдардын өлүмү үчүн бардык жоопкерчилик Орусияга таандык»,-делди.

Билдирүүдө Евробиримдиктин Украинага гуманитардык, экономикалык, аскердик жана социалдык жардамдарын уланта турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар