Эрдоган: «Сирия чек арасында даярдыктарыбыз бүтөөрү менен жаңы операцияларды баштайбыз»
Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Сирия чек арасында баштаган коопсуздук коридорунун кемчиликтерин бүтүрүү үчүн даярдыктарыбыз бүтөөрү менен жаңы операцияларды баштайбыз»,-деди.
Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн кабинет жыйынынан кийин билдирүү жасады.
Сирия чек арасында түзүлө баштаган коопсуздук коридорунун кемчиликтеринин бүтүшүнө даярдыктар бүтөөр замат жаңы операциялардын баштала турганын билдирген Президент: «Түрк куралдуу күчтөрүбүздүн бардык бөлүктөрүнө даярдык иштеринде ийгиликтерди каалайм»,-деди.
Президент Эрдоган сөзүндө бүгүн Испанияда өтө турган НАТОнун саммитине катыша турганын да билдирип:«Биз өлкөбүздүн укуктарын жана кызыкчылыктарын эске алуу менен эмне керек болсо, ошону жасайбыз»,-деп айтты.
Президент Эрдоган:«(НАТО саммити убагында) ПКК/ЙПГ жана ФЕТӨ сыяктуу террордук уюмдарга карата көрсөтүлгөн эки жүздүүлүктү документтер, маалымат жана сүрөттөр менен маектештерибизге билдиребиз»,-деди.