Түркия менен Сауд Арабиянын биргелешкен билдирүүсү жарыяланды

Түркия менен Сауд Арабиянын биргелешкен билдирүүсүндө: «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерде, анын ичинде саясий, экономикалык, аскердик жана коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуунун жаңы доорун баштоого чечкиндүүлүк баса белгиленди»

1847080
Түркия менен Сауд Арабиянын биргелешкен билдирүүсү жарыяланды

Президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусунун алкагында расмий сапар менен Түркияга келген Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман менен жекеме-жеке жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн кол коюусу менен биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Түркия менен Сауд Арабиянын биргелешкен билдирүүсүндө: «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерде, анын ичинде саясий, экономикалык, аскердик жана коопсуздук чөйрөсүндө кызматташуунун жаңы доорун баштоого чечкиндүүлүк баса белгиленди»,делди.

Тараптардын аймактын келечегине кызмат кылуу үчүн тарыхый бир туугандыктын негизинде кызматташтыкты өнүктүрүү жана улантуу чечкиндүүлүгү баса белгиленген биргелешкен билдирүүдө, сооданы жеңилдетүү, инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана конкреттүү өнөктөштүктөргө айландыруу үчүн байланышты арттыруу баса белгиленди.

Биргелешкен билдирүүдө соттук-медициналык, илимий, туристтик, саламаттыкты сактоо, жарандык авиация, улуттук коопсуздук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү тармактарында кызматташууга чечкиндүүлүк баса белгиленди.

Мураскор канзаада Мухаммед бин Салман президент Режеп Таййип Эрдогандын «жакшылык менен кабыл алганы жана сапары учурунда ага жана делегациясына көрсөткөн жакындыгы жана боордоштугуна» ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар