Түркия Малидеги террордук кол салууларды айыптады

Түркия Малинин Бандиагара аймагында 132 жаран каза болгон террордук кол салууну катуу түрдө айыптады.

1846451
Түркия Малидеги террордук кол салууларды айыптады

Түркия Малинин Бандиагара аймагында 132 жаран каза болгон террордук кол салууну катуу түрдө айыптады. 
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Бандиагара аймагында болгон террордук кол салууда 132 жарандын каза болгондугу терең кайгыруу менен белгиленди. 

Маалыматта : "Бул жийиркеничтүү кол салууну катуу айыптап, каза болгондордун үй  -  бүлөлөрү менен дос жана боордош  Мали калкына чын жүрөктөн көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз",- деп билдирилди. 

Мали өкмөтүнүн кечээки билдирүүсүндө, Бангдиагара аймагынын Банкас районундагы Дианвели, Диаллассагоу жана Дегуссагу айылдарына Магриб Аль-Каидага (AQIM) караштуу Катиба Масина террордук уюму тарабынан кол салуу жасалганы, 18-июндан 19-июнга караган түнү болгон кол салууларда 132  жарандын каза болгондугу билдирилген.  

Мали президенттигинин күндүзгү билдирүүсүндө кол салууда каза болгондор үчүн бүгүндөн баштап 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды. 

 

 



Тектеш кабарлар