Түркия Нежефте визага кайрылуу борборун ачты
Элчи Гүней Нежефтен кийин бара турган Кербелада да виза борборунун ачылышына катышат.
Түркиянын Багдаттагы элчиси Али Рыза Гүней Ирактын Нежеф шаарында түрк виза борборунун ачылышына катышты.
Элчи Гүней Нежефтеги жолугушууларынын биринчи аялдамасында губернатор Мажид Ваили менен жолугушту. Нежеф менен соода, экономикалык жана башка тармактарда карым - катнаштардын бекемделерин айткан Гүней шаарга түрк ишкерлери менен бирге барарын белгиледи. Губернатор Мажид Ваили да Түркиянын Нежефте виза борборун ачуусунан ыраазы экендерин белгилеп : "Элчи (Түштүк) Иракта өзгөчө гуманитардык миссиясын аткарып жатат жана Нежефке барып сектанттык жана дискриминацияга каршы гуманитардык маалыматтарды берүүдө",- деди.
Элчи Гүней Нежефте Азырети Алинин күмбөзүн да зыярат кылгандан кийин түрк виза борборунун ачылышын аткарды. Гүней ачылышта сүйлөгөн сөзүндө визага кайрылуу борборунун ирактыктар жана өзгөчө нежефтиктер үчүн маанилүү кызматтарды көрсөтө тургандыгын айтты.
Элчи Гүней Нежефтен кийин бара турган Кербелада да виза борборунун ачылышына катышат.