Эрдоган: «Түркияга Греция аркылуу ойнолуп жаткан оюндан кабардарбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

1843724
Эрдоган: «Түркияга Греция аркылуу ойнолуп жаткан оюндан кабардарбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга Греция аркылуу ойнолуп жаткан оюндан кабардар экенин айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасы Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өткөн жумада Измирде өткөрүлгөн «Эфес-2022» машыгуусунан улам Эгей деңизиндеги абалга байланыштуу билдирүүлөрдү маектештерине ачык жана так түрдө жеткиргендерине токтолуп: «Тарыхтагыдай эле кимдир бирөөлөр тарабынан көкүтүлүп, Греция аркылуу биздин өлкөгө каршы ойнолгон оюнду билебиз. Маселе Грециянын бул оюнду билбегендигинде же бул оюнда ыктыярдуу кошумча катары иш алып баруусунда.  Билесизби, фильм тартуу учурунда эң чарчаган, чуркаган, ур-токмокко алынган, жада калса колу-канаты сынган кошумча трюкачтар болуп саналат. Бирок алардын ысымдары эч качан сахнада көрүнбөйт. Мурда Греция башынан өткөргөн ушундай болгон. Эгер ал ушундай туура эмес улана берсе, кийинкиси да ушундай болот»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арызына байланыштуу:«НАТО маселеси боюнча биз Швеция менен Финляндия терроризмге каршы күрөштө так, конкреттүү жана чечкиндүү кадамдарды жасамайынча позициябызды өзгөртпөйбүз»,-деди.

Өлкө атын Turkeyден «Түркияга» айландыруу кадамын дүйнөдө ийгиликтүү ишке ашырышкандарын белгилеген Эрдоган, улуттук авиакомпаниянын да каттамдарын Turkish Airlines эмес, «Түрк аба жолдору» деген ат менен аткара тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар