Чавушоглу: «ПКК менен ЙПГнын эч кандай айырмасы жок, алар бир эле террордук уюм»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу диярбакырлык энелерге барып алар менен баарлашты.

1842799
Чавушоглу: «ПКК менен ЙПГнын эч кандай айырмасы жок, алар бир эле террордук уюм»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «ПКК менен ЙПГнын эч кандай айырмасы жок, алар бир эле террордук уюм»,-деди.

Бир катар жолугушуулар үчүн Диярбакырга барган Мевлүт Чавушоглу, балдары жикчил террордук уюм тарабынан уурдалып кеткендиктен Элдердин демократиялык партиясынын (ХДП) облустук имаратынын алдында миң күндөн ашуун убакыттан бери отуруу акциясын өткөрүп жаткан диярбакырлык энелерге барып алар менен баарлашты.

Чавушоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө:«Алар айтып жатышпайбы, «Сириядагылардын аты ЙПГ, ПККдан башка. Ошондуктан биз аларды террорист катары көрбөйбүз» дешип. Ушунтип айтууга аракет кылып жатышат. Учурда НАТОго кирүүнү каалаган эки мамлекет тең ушуну айтууга аракет кылып жатышат. Бирок биз аларга ПКК менен ЙПГнын айырмасы жок, алар бир эле террор уюму экенин түшүндүрүп жатканбыз. Террордук уюмдардын ортосунда айырма болгонсуп, бири террордук уюм, экинчиси укук издеген уюм сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Эгерде күрттөрдүн укуктары кандай экенин билгиңиз келсе, алар кандай укуктарды каалаарын уккуңуз келсе, Диярбакырга бул жерге келиңиз, алардын энелерин, аталарын келип көргүлө. Бизге ишенбесеңер, алардын өз оозунан уккула»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар