Иракта ПКК террордук уюмдун 3 террористи жок кылынды
Улуттук коргоо министрлиги аймакта жок кылынган террористтердин саны 220га жеткенин билдирди.
Ирактын түндүгүндө ПКК жикчил террордук уюмунун 3 террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлиги «Чеңгел- Кулпу» операциясы аймагында ПККга мүчө 3 террористтин жок кылынгандыгын, аймакта жок кылынган террористтердин саны 220га жеткенин билдирди.
Министрликтен берилген маалыматта : «Баатыр түрк куралдуу күчтөрүбүз ПКК террордук уюмунун уяларын жер менен жексен кылууну улантууда. Ийгиликтүү улантылып жаткан «Чеңгел-Кулпу» операциясы жүргүзүлгөн аймакта ПККнын 3 террористи жок кылынды. Аймакта жок кылынган террорист саны 220га жогорулады»,- деп билдирилди.
2022 -жылы 18 -апрель түнү Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Ирактын түндүгүндөгү Метина, Зап жана Авашин-Басян аймактарындагы террордук буталарага карата «Чеңгел-Кулпу» операцияларынын баштатылгандыгын жарыялаган.