Эрдоган: «НАТО терроризмди колдогон уюм эмес, коопсуздук уюму»

Президент Эрдоган менен Венесуэланын президенти Николас Мадуро кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жекеме-жеке жана делегациялардын жолугушуусу менен келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

1840150
Эрдоган: «НАТО терроризмди колдогон уюм эмес, коопсуздук уюму»
erdogan maduro.jpg
Erdoğan Maduro.jpg

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арызына байланыштуу: «НАТО терроризмди колдогон уюм эмес, коопсуздук уюму»,-деп өз баасын берди.

Президент Эрдоган менен Венесуэланын президенти Николас Мадуро кечээ борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте жекеме-жеке жана делегациялардын жолугушуусу менен келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Журналисттердин суроолоруна жооп берген президент Эрдоган, «НАТОго мүчө болуу үчүн арыз берген жана Түркиянын колдоосуна муктаж болгон Швеция менен Финляндиянын лидерлери сиз менен жолугушуу өтүнүчү менен кайрылыштыбы? Жолугушуу болуп калса кандай жооп берет элеңиз?» деген суроого мындай жооп берди: «Муну абдан жакшы билишибиз керек, НАТО коопсуздук уюму. НАТО террорду колдогон уюм эмес. Белгилүү болгондой, Швеция учурда ПКК, ПЙД/ЙПГ сыяктуу бардык террордук уюмдар эркин жүргөн өлкө. Ал тургай өз парламенттеринде террористтер бар. Бул террористтер өз парламенттеринде болсо жана бул террордук уюмдар Стокгольмдун көчөлөрүндө террордук уюмдардын лидерлеринин плакаттары менен тынымсыз демонстрацияга чыгышып, муну Швециянын полициясынын коргоосу астында жасашса, террористтердин лидерлеринин сүйлөшүүлөрү Швециянын мамлекеттик телеканалы аркылуу көрсөтүлүп турса, биз аларга: «Кире бергиле, уланткыла» деп айтабызбы? Андай болбойт. Биз: «Кир, НАТОго кир»,-деп айта албайбыз. Ошол эле Финляндияга да тиешелүү.Тилекке каршы, Финляндия дагы азыркы учурда көптөгөн окшош структураларда».

Түркиянын Греция менен Франциянын НАТОго мүчөлүгү темасында башынан өткөргөндөрүн Швеция жана Финляндия менен бирге өткөрүүнү каалабаганын белгилеген президент Эрдоган: «Греция НАТОдон чыгып кеткен, бизден мурункулар кирүүгө жол беришти. НАТОго кайра кирди. Франция кайра кирди. Эми эмне болду? Американын 5+4, 9 базасы азыр кайда? Грецияда түзүлгөн. Бул базалар кимдерге каршы түзүлүп жатат?-дегенде. Алардын жообу: «Орусияга каршы». Антип алдай албайсыздар, кечиресиздер»,-деп айтты.

Венесуэланын президенти Мадуро Түркиянын чоң потенциалга ээ экенин жана дүйнөдө абдан маанилүү роль ойноп жатканын айтты.

Түркиянын дүйнөдө чоң саясий таасири бар экенин белгилеген Мадуро: «Биз муну ушундай көрүп жатабыз, бул жөнүндө ушундай ойлогонубуз эмес, андан тышкары бул бир чындык. Түркиянын абдан маанилүү потенциалы бар. Бул кайра жаралган дүйнө үчүн чоң потенциал»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар