Түркия Италиянын Анкарадагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды

Түркия ПКК террордук уюмунун аракеттеринен тынчсыздангандыгын Италияга дагы бир жолу билдирди.

1838987
Түркия Италиянын Анкарадагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды

Түркия ПКК террордук уюмунун аракеттеринен тынчсыздангандыгын Италияга дагы бир жолу билдирди.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Түркиянын Рим элчилигинин мындан мурда кылган аракеттерине карбастан акыркы жолу 2022 – жылы 4 -  июнда Римде ПКК террордук уюмдун символдору жана террор башчысынын фотографиялары менен өткөн митингден улам нааразычылык билдирүү үчүн Италиянын Анкарадагы элчиси Жоржио Марраподи кечээ Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Түркиянын көз караш жана талаптары билдирилди.

Түркиянын ПКК жикчил террордук уюмунун кара пропагандасынын коомдук чөйрөгө жайылышы, бейөкмөт уюм көрүнүшүнүн астында  жүргүзгөн  иш-аракеттери жана террорист башчысына Италиянын  муниципалитеттери тарабынан ардактуу атуулдуктун  берилишинен улам тынчсыздануу билдирилген сүйлөшүүдө өзгөчө террордук уюмдун жана жактоочуларынын  мындай аракеттерин алдын алуу талабы кайталанып, Италия өкмөтүнүн террорчулукка каршы күрөштө жоопкерчилиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар