Германиянын тышкы иштер министри : " Түркия баш тартылгыс өнөктөш"

Эртең Пакистанда жолугушууларды өткөрө турган Германиянын тышкы иштер министри 8 -  июнда Грецияга, 9 -  июнда да Түркияга келет.

1839177
Германиянын тышкы иштер министри : " Түркия баш тартылгыс өнөктөш"

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок Түркияны "баш тартылгыс  өнөктөш" деп мүнөздөдү.

Баербок бүгүн башталып 10 - июнга чейин созула турган Пакистан, Греция жана Түркия сапарларынан мурда жазуу түрүндө маалымат берди.

"Түркияга жасай турган сапарым  мени баш тартылгыс бир өнөктөшкө жана  өлкөбүз менен терең  байланышы бар өлкөгө алып барат",- деген Баербок Германияда миллиондогон адамда "бир немис жана бир түрк жүрөгүнүн соккондугун" белгилеп : "Менин оюмча бул кош жүрөктүн согушу кош күч дегенди билдирет",- деди. 

Эртең Пакистанда жолугушууларды өткөрө турган Германиянын тышкы иштер министри 8 -  июнда Грецияга, 9 -  июнда да Түркияга келет. 

Түркияда 10 -  июнга чейин жолугушууларды өткөрө турган Баербок кесиптеши Мевлүт Чавушоглу, жарандык коом жана экономикалык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушат. 

 



Тектеш кабарлар