Түркия Германияны катуу айыптады

Маалымат катчысы Билгич, Германия өкмөтүнүн катчысынын орун басары Вольфганг Бюхнердин Түркияга каршы билдирүүлөрүнө байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1836550
Түркия Германияны катуу айыптады

Түркия Германиянын негизсиз билдирүүлөрүн катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич:«Германиянын Грециянын провокациялык тузагына түшүп калышы жана биздин өлкөгө каршы каралоо кампаниясына катышуусу кабыл алынгыс»,-деп айтып Германиянын Түркияга каршы негизсиз билдирүүлөрүн катуу айыптап, четке кагышкандарын белгиледи.

Маалымат катчысы Билгич, Германия өкмөтүнүн катчысынын орун басары Вольфганг Бюхнердин Түркияга каршы билдирүүлөрүнө байланыштуу суроого жазуу түрүндө жооп берди.

Грециянын дүйнөдөгү кургактык сууларынан да кенен аба мейкиндигине ээ болгонун айтып чыккан жалгыз өлкө экенин белгилеген Билгич, бул мыйзамсыз дооматтын негизинде эл аралык аба мейкиндигине 6-10 мил аралыкта болгон учууларды «Грециянын аба мейкиндигин бузуу» деп сыпаттоо, жөнөкөй тил менен айтканда туура эмес болорун белгилеп: «Биз Грециянын НАТО союздаштарын көрмөксөнгө салып Түркиянын аба мейкиндигин бузуусуна жана өлкөбүздүн аба мейкиндигинде жана эл аралык аба мейкиндигинде учактарыбызды куугунтуктоосуна каршы эгемендүүлүгүбүздү коргоону улантабыз. Коңшусунун эгемендигине, аймактык коопсуздукка жана стабилдүүлүккө коркунуч туудурган актер бар болсо, анда ал да Греция болуп саналат. Чындыгында Греция 1923-жылкы Лозанна жана 1947-жылкы Париж тынчтык келишимдерин бузуп өлкөбүзгө жакын аралдарды куралдандырууда. Эгей деңизиндеги аймактык сууларды биздин өлкөнүн турмуштук таламдарына жана кеме журуу эркиндигине карама-каршы 6 деңиз мил бир тараптуу кеңейте алат деген мыйзамсыз жана теңсиз позициясын карманууда.

Түркиянын эч кимдин жерине көз арткан жери жок. Бирок  эл аралык келишимдердин куралсыздануу жөнүндөгү өтө ачык-айкын жоболорун Греция тарабынан бузуу менен биздин элибиздин коопсуздугуна коркунуч келтирүүсүнө жол берүү күтүлбөшү керек. Германиядан союздаштык рухуна туура келбеген бир жактуу билдирүүлөрдү жасоонун ордуна Грецияны эл аралык келишимдерге ылайык иш-аракет кылууга чакырышын күтөбүз»,-деди.

Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Бюхнер Түркиянын Грециянын аба мейкиндигин бузганын айтып чыккан.



Тектеш кабарлар