«Греция менен Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешме  келишимибизди буздук"

Президент Эрдоган  лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

1836176
«Греция менен Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешме  келишимибизди буздук"

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Греция менен Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңешме  келишимибизди буздук»,- деди.

Президент Эрдоган  лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө грек жетекчилерге «Чынчыл  боло турган болсоңор алдыбызда ордуңар даяр, болбосо капа болбогула»,- деген Эрдоган : «Грецияда Америка базаларынын курулушуна мүмкүнчүлүк бердиби? Берди. Греция менен Жогорку деңгээдеги стратегиялык кеңешме келишимин буздук. Жеке тышкы саясатты  колдойбуз. Учактарың менен бизге өзүңдү көрсөтүп жатасың. Эмне кылып жатасың, өзүңө кел. Тарыхтан сабак албадыңбы? Андан кийин ыйлап  - сыктап баштайсың. Эми булар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрбөйбүз.  Греция тилекке каршы жолго түшпөйт. Конгрессте бизге каршы сөздөрдү айткан рум лоббиси имиш. Биз булардан тажадык»,- деди.

Түркиянын Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө каршы чыгуусу тууралуу : «НАТО коопсуздук уюму. Террордук уюмдарга колдоо көрсөткөн уюм эмес»,- деген Эрдоган буларды айтты : «Швеция жана Финляндиянын чек арасынын ичинде террордук уюм менен байланышы бар бардык мекемелердин каалгасын жабуу керек. Европада плакаттар менен жүрүшкө чыгып жатышат жана ал өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн коргоосу астында. ПКК жактоочуларынын аткаргандарын колдоп биздин адамдарыбызга кысым жасагандар демократ эмес, фашист. Түркияга акчага бербеген куралдарды террордук уюмдарга  бергендер террордук уюм сыпатына татыктуу. Террорго жардам берген өлкө бир коркунучка каршы биз менен күрөшөбү? Биздин операцияларыбызды басып алуу дегендер орток душманыбызга каршы биздин жаныбызда орун алабы? Бул суроолорго  канааттандырарлык жооп таппастан, документтерди көрбөстөн мамилебизди өзгөртпөйбүз».

Президент Сирия чек арасында 30 километр ичкериде коопсуз аймак түзүү чечиминин жаңы этаптан өткөндүгүн белгилеп : «Тель Рыфат жана Манбижди террористтерден тазалап жатабыз. Андан кийин да баскыч түрүндө башка аймактарда да муну аткарабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар