Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында 1 аскер шейит болуп, 1 аскер жараланды

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) «Чеңгел-Кулпу операциясы» аймагында террористтер тарабынан орнотулган колго жасалган жардыргыч заттын жарылуусунан жөө аскер адиси сержант Хасан Чаталдын шейит болгонун жана бир кызматкердин жараланганын билдирди.

1834129
Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында 1 аскер шейит болуп, 1 аскер жараланды

Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында 1 аскер шейит болуп, 1 аскер жараланды.

Улуттук Коргоо министрлиги (MSB) «Чеңгел-Кулпу операциясы» аймагында террористтер тарабынан орнотулган колго жасалган жардыргыч заттын жарылуусунан жөө аскер адиси сержант Хасан Чаталдын шейит болгонун жана бир кызматкердин жараланганын билдирди.

УКМ жасаган билдирүүдө:«2022-жылдын 28-майында Чеңгел-Кулпу операциясы аймагына террористтер тарабынан мурда коюлган колго жасалган жардыргыч заттын жардырылышынын натыйжасында баатыр жолдошубуз жөө аскер сержанты Хасан Чатал шейит болуп, бир кызматкерибиз жараланды. Жабыркаган кызматкерибиз дароо ооруканага жеткирилип, дарылоо иштери башталды.

Бизди терең кайгы-капага салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым тилейбиз. Кайгыга баткан үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана асыл улутубузга сабыр жана кайрат айтып, жаракат алган кызматкерлерибиздин тез сакайып кетишин каалайбыз»,делди.

Бул арада улуттук коргоо министри Хулуси Акар жана вице-президент Фуат Октай социалдык медиа эсептеринде шейит болгон аскерге көңүл айтуу билдирүүлөрүн жарыялашты.



Тектеш кабарлар