Террор менен күрөшүү, Шырнак, Тунжели операциялары
ПККнын 18 террористи жок кылынды.
Ирактын түндүгүндөгү "Чеңгел - Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта жикчил террордук уюм ПККнын 18 террористи жок кылынды.
Мехметчик террористтерге сокку урууну улантууда.
Улуттук Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Ирактын түндүгүндө ийгиликтүү уланып жаткан "Чеңгел - Кулпу" операциясы аймагында ПККнын 18 террористи куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар тарабынан жок кылынды.
Шырнакта да Эрен блокада - 5 операциясы аймагы болгон Жуди тоосунда ПКК террордук уюмга карата абадан колдоо берилген операция баштатылды.
Шырнакта апрель айында башталган Эрен блокада - 5 операциясы аймагы болгон Жуди тоосунда бир группа террорист аныкталды.
Ордулары белгиленген террордук топко карата абадан колдоо көрсөтүлгөн операция баштатылды.
Эрте менен бул аймак абадан 3 жолу атылды. Аймакта операция улантылууда.
Тунжелинин Хозат районундагы Али Богазы аймагында да жүргүзүлгөн оперцияда террористтер тарабынан колдонулгандыгы белгиленген кампа менен баш калкалоочу жер жардырылды.