Финляндиянын тышкы иштер министри Түркия билдирген маселелердин чечиле аларын айтты

Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто өлкөсүнүн НАТОго кайрылуу процессине байланыштуу Түркия билдирген маселелердин чечиле аларын ойлогондорун айтты.

1833953
Финляндиянын тышкы иштер министри  Түркия билдирген маселелердин чечиле аларын айтты

Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто өлкөсүнүн НАТОго кайрылуу процессине байланыштуу Түркия билдирген маселелердин чечиле аларын ойлогондорун айтты.

АКШнын борбор шаары Вашингтондо мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен жолугушкан Финляндиянын тышкы иштер министри Хаависто жолугушуудан кийин журналисттерге Финляндия менен Швециянын НАТО процесси тууралуу маалымат берди.

Хаависто өзүнүн да акыркы мезгилде эки жолу Түркияга сапар менен баргандыгын эске салып : «Биз Түркия менен бирге НАТО мүчөлөрүнүн тынчсызданууларына олуттуу карап жатабыз. Азыркы учурда Түркия менен ачык, түздөн түз бир диалог түрүндө бул маселелерди тактоого аракет кылуудабыз»,- деди.

Финляндиянын министри  Швеция жана Финляндиядан келген делегациялардын Түркияда жолугушууларды өткөргөндүгүн белгилеп : «Түркия менен сүйлөшүүлөр оң баратат жана бул сүйлөшүүлөр улантылат. Биз  НАТОнун Түркия да колдогон ачык эшик саясатына ишенебиз. Түркия билдирген (ПКК жана террор тууралуу)  маселелердин чечиле аларын ойлойбуз»,- деди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен да Түркия менен Финляндия жана Швециянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн активдүү жана конструктивдүү түрдө улантылып жаткандыгын, АКШнын  Анкара менен процессти жакындан иликтегендигин айтты. Блинкен процесстин акырында эки өлкөнүн да НАТОго кошуларына ишенгендерин белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар