Эрдоган Австриянын премьер - министри менен сүйлөштү
Президент Эрдоган Украинадагы согуштун эртерээк тынчтык жолу менен аякташы үчүн тараптарды диалог каналдарын иштетүүгө үндөгөндөрүн белгиледи.
1833723
Президент Режеп Таййип Эрдоган Австриянын премьер - министри Карл Нехаммер менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия - Австрия карым - катнаштары менен 24 - февралдан бери уланып жаткан Россия - Украина согушуна байланыштуу абалдар талкууланды.
Президент Эрдоган Украинадагы согуштун эртерээк тынчтык жолу менен аякташы үчүн тараптарды диалог каналдарын иштетүүгө үндөгөндөрүн белгиледи.