Эрдоган: «Швеция Түркияга киргизген чектөөсүн жоюушу керек», Ниинистё менен сүйлөшүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон жана Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1830194
Эрдоган: «Швеция Түркияга киргизген чектөөсүн жоюушу керек», Ниинистё менен сүйлөшүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Швециянын Түркияга киргизген чектөөлөрүнүн жоюлушу керектигин билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Швециянын премьер-министри Магдалена Андерссон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө эки өлкөнүн мамилеси жана Швециянын НАТОго мүчөлүк арызы талкууланды.

Эрдоган Андерссонго өлкөсүнүн террордук уюмдарга саясий, каржылык жана куралдуу колдоосун токтотуусу керектигин айтты.

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын түндүгүндөгү террордук уюмдарга каршы уюштурулган «Тынчтык булагы» операциясынан кийин (9-октябрь-25-ноябрь 2019-ж.) Швециянын коргонуу өнөр жайы тармагында Түркияга койгон чектөөлөрүнүн жоюлушу керектигин айткан Эрдоган, жикчил террордук уюм ПККнын бул өлкөдөн чыгарылышы керектигин жана уюмдун Сирия жана Ирактагы уландысына байланыштуу Түркиянын тынчсыздануусун билдирген конкреттүү кадамдарды таштоосун күткөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки өлкөнүн карым-катнаштары жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүк арызы каралды.

Анда президент Эрдоган, НАТО ичиндеги бир шериктешине коркунуч туудурган террордук уюмдарды көрмөксөнгө салган түшүнүктүн достук жана союздаштык рухуна туура келбей турганын белгиледи.

Эрдоган Түркиянын улуттук коопсуздугуна жана элине болгон ачык коркунучка каршы мыйзамдуу жана чечкиндүү күрөшү үчүн урмат-сый жана колдоо күтүүнүн эң табигый укугу экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар