Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 73 террористтин жок кылынгандыгын айтты

Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер, деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Аднан Өзбал менен Жер Ортолук деңиз аймактык командирлигине барды.

1823340
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 73 террористтин жок кылынгандыгын айтты

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар  «Чеңгел  -  Кулпу»  операциясында ушул кезге чейин 73 террористтин жок кылынгандыгын билдирди.

Акар коштоосундагы башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер, деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Аднан Өзбал менен Жер Ортолук деңиз аймактык командирлигине барды.

Бул жерде Жер Ортолук деңиз аймактык командирлигинин жаңы пристанынын ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Акар түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшүн  ылдамдык менен улантып жаткандыгын айтты.

18 -  апрелде башталган «Чеңгел  -  Кулпу» операциясынын пландалгандай ийгиликтүү жүрүп жаткандыгын баса белгилеген Акар : «Операцияда ушул кезге чейин 73 террорист жок кылынды. Террористтерге таандык 102 үңкүр, баш калкалоочу жер талкаланып, 524 жарылуучу зат жок кылынды. Операцияда 10 каарман курал жолдошубуз шейит болду»,- деди.

Улуттук коргоо министри : « 40 жылдан бери улутубузду террор балээсинен куткаруу үчүн чечкиндүү түрдө күрөшүп келе жатабыз. Акыркы бир террорист жок болгонго чейин күрөшүбүздү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар