Президент менен жубайы Эмине Эрдогандан куттуктоо
Айт майрамынан улам социалдык медиа баракчасынан куттуктоо бөлүштү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Айт майрамынан улам социалдык медиа баракчасынан куттуктоо бөлүштү.
Эрдоган Твиттердеги баракчасында: «Эл катары бизди дагы бир Орозо айтка бакубатчылыкта жеткирген Жаратканыма шүгүр айтам. Улутубузду, чет жерде жашаган боордошторубузду, мекендештерибизди жана бүткүл Ислам ааламын Орозо айт майрамы менен куттуктайм»,-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган да Орозо айт майрамына байланыштуу социалдык медиа баракчасынан куттуктоо бөлүштү.
Эмине Эрдоган куттуктоосунда: «Жакындарыбыздан бөлөк өткөргөн майрамдарыбыз акыры аяктады. Үй-бүлө болуунун чыныгы баркын, сүйүүнүн жана сүйүлүүнүн маанисин түшүнгөн жагымдуу майрам өткөрүүнү каалайм, бүткүл Ислам ааламын жана элибизди Орозо айт майрамы менен куттуктайм»,-деди.