Президент Эрдоган Орозо айт майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Эрдоган Рамазан майрамынан улам видео кайрылуусун жарыялады.

1821093
Президент Эрдоган Орозо айт майрамына карата билдирүү жарыялады

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган эртең баштала турган Орозо айттын бүткүл адамзатка тынчтык, бейпилдик жана бакубаттык алып келүүсүн каалады.

Президент Эрдоган Рамазан майрамынан улам видео кайрылуусун жарыялады.

Майрамдар биримдик жана ынтымак чыңдалып, эзелкиден түбөлүккө бараткан бир туугандык жаңырган өзгөчө күндөр экенин баса белгилеген :«Улутубуздун бардык өкүлдөрүнөн бул Орозо айт майрамын, тегине, ишенимине жана ишеничине карабастан, 85 миллион адам кучак жайган жана кечирим сурашкан улуу бир туугандык майрамга айландырышын суранам. Биз буга жетип, ортобуздагы достукту жана бир туугандыкты чыңдасак, жеңе албаган эч бир кыйынчылык жок»,-деди.

Президент Эрдоган:« Ирактын түндүгүндөгү террордук уюм ПККга карай уланып жаткан) «Чеңгел-Кулпу» операциясы баш болгон ушул айт күнүндө мекенибиздин аман тынчтыгы, улутубуздун бейпилдиги жана бакубаттыгы үчүн чек арабыздын ичинде жана сыртында кызмат кылган баатыр коопсуздук күчтөрүбүзгө ыраазычылык билдирем. Мен шейиттерибизди таазим кылуу менен эскерип, баатыр ардагерлерибизге ыраазычылык менен салам айтам. Жарандарыбыз менен чет жерде жашаган боордошторубузду жана бүткүл Ислам ааламын Орозо айт майрамы менен куттуктайм. Майрамыңыздар кут болсун»,-деди.



Тектеш кабарлар