Эрдоган ТРТны 58 жылдыгы менен куттуктады

Президент Эрдоган башкы директор Захид Собажыга ТРТнын 58 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

1821159
Эрдоган ТРТны 58 жылдыгы менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын улуттук жана руханий баалуулуктары жана бай маданияты бардык көрүнүштөрү менен чагылдырылган Түркия радио-телеберүү мекемеси (TRT) өлкөнүн көрүү жана угуу эс тутумун түзөрүн белгиледи.

Президент Эрдоган башкы директор Захид Собажыга ТРТнын 58 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

ТРТнын 58 жылдыгын куттуктаган Эрдоган билдирүүсүндө: «Коомдук берүү тармагында дүйнөнүн алдыңкы мекемелеринин бири болгон ТРТ санариптик каналдарда жана ар түрдүү платформаларда, ошондой эле радио жана телеберүүлөрдө инновациялык иштерди жүргүзүүдө. Улуттук жана руханий баалуулуктарыбыз жана бай маданиятыбыз ар түрдүү көрүнүштө чагылдырылган ТРТ, биздин өлкөнүн көрүү жана угуу эс тутумун түзөт»,деген сыпаттамасын камтыган.

ТРТнын кабардан спортко, музыкадан даректүү тасмага, балдардан маданиятка чейин бардык каналдары менен үлгү болууну улантып жатканын, эл аралык каналдары менен Түркиянын дүйнөдөгү үнү экенин баса белгилеген президент Эрдоган:«Жарандарыбыздын үмүтүн актаган чыгармаларды ишке ашырып, алардын ыраазычылыгына ээ болгон ТРТнын ийгиликтүү продюсерлери менен бүткүл дүйнөдө кызыгуу менен байкалышы өлкөбүз үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Дайыма өзүн жаңылап турган ТРТнын жаңычыл берүү линиясы менен сапаттуу жана оригиналдуу долбоорлорду ишке ашырууну улантат деп ишенем. Түзүлгөн мааракеси менен ТРТнын ар бир үй-бүлө мүчөсүнө иштерине ийгиликтерди каалайм жана чын жүрөктөн чыккан сезимдерим менен куттуктайм»,-деди.



Тектеш кабарлар