Түркия Улуттук Парламентинин спикери Босния - Герцеговинада
Мустафа Шентоп Босния жана бошняктардын Түркияда жашаган 85 миллион кишинин жүрөгүндөгү орду башка экендигин айтты.
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп : «Түркия катары башта Босния - Герцеговина болгон бардык Балкандардын тынчтыгына жана туруктуулугуна чоң маани беребиз, муну колдойбуз жана мунун дайыма болушу үчүн колубуздан келгенди аткарып жатабыз»,- деди.
Расмий сапардын негизинде Босния - Герцеговинага барган Шентоп Түркиянын Балкандардагы бардык өлкөлөр менен жакшы карым - катнаштарга ээ экендигин жана бул карым - катнаштардын аймактын тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.
Босния жана бошняктардын Түркияда жашаган 85 миллион кишинин жүрөгүндөгү орду башка экендигин айткан Шентоп : «Дайыма жаныңыздардабыз»,- деди.
Россия - Украина согушуна да токтолгон Мустафа Шентоп : «Дүйнөдө эч качан согуштардын, кагылышуулардын, күч колдонуунун эч бир өлкөгө пайдасы жок терсине зыяны бар. Адамдар мындан сабак алышы керек»,- деди.
Дүйнөнү өзгөчө Европа менен Балкандарды тынчтык, туруктуулук ичинде жана согуш чыкпай тургандай кармоонун маанисине көңүлдөрдү бурган Шентоп : «Бул болуп жаткан Украина согушу коопсуздукту жана тынчтыкты орното турган чараларды көрүүнүн бардык өлкөлөр үчүн мааниге ээ экендигин көрсөттү»,- деди.