Террор менен күрөш уланууда
Шырнактын Бестлер Дерелер аймагында учкучсуз учуучу аппараттын колдоосу менен жүргүзүлгөн операцияда 3 террористтин жок кылынганы билдирилди.
1817346
Шырнактагы «Эрен блокада-5» операциясынын алкагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Твиттердеги билдирүүсүндө, Шырнактын Бестлер Дерелер аймагында учкучсуз учуучу аппараттын колдоосу менен жүргүзүлгөн операцияда 3 террористтин жок кылынганын билдирди.
Террористтерге чакырык салган Сойлу: «Алдан тайып баратасыңар, багынып бергиле»,-деди.