Түркия Сомалидеги террордук кол салууларды катуу айыптады

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орун алды.

1817038
Түркия Сомалидеги террордук кол салууларды катуу айыптады

Түркия Сомалинин борбор шаары Могадишодо ифтар учурунда ресторанга жана Сомалинин борбору Могадишодогу Түркия Режеп Таййип Эрдоган окуу жана изилдөө ооруканасына багытталган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 22-апрелде Могадишодо бир ресторанга террордук кол салууда 6 кишинин каза тапканы жана кечээ Сомалинин борбору Могадишодогу Түркия Режеп Тайып Эрдоган окуу жана изилдөө ооруканасына террордук кол салууда 4 баланын жараланганы терең кайгыруу менен угулганы белгиленди.

Билдирүүдө жарадар болгон 4 баланын Могадишодогу Режеп Тайып Эрдоган ооруканасында дарыланып жатканы билдирилип, «Биз бул адамгерчиликсиз террордук кол салууларды эң катуу айыптайбыз. Мыкаачылык кол салууларда каза болгондорго Аллах ырайым кылсын, алардын жакындарына жана дос жана боордош Сомали элине көңүл айтабыз жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тилейбиз»,-делди.

Билдирүүдө Түркиянын террор менен күрөшүүдө Сомалинин жанында болууну чечкиндүү уланта турганы баса белгиленди.

Могадишонун Лидо жээгиндеги ресторанды бутага алган катуу жардыруудан коопсуздук күчтөрү жана карапайым адамдар да арасында болгон кеминде 6 киши каза таап, 7ден ашуун киши жараат алды.



Тектеш кабарлар