Гутерриш Орусия сапарынын алдында Түркияга келет

Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысынын жазуу түрүндөгү жарыясында билдирилди.

1816989
Гутерриш Орусия сапарынын алдында Түркияга келет

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Орусия сапарынын алдында Түркияга келет.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысынын жазуу түрүндөгү жарыясында Гутеррештин 25-апрелде (эртең) борбор шаар Анкарага келери жана президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынары белгиленди.

Гутерриш 26-апрелде Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен, 28-апрелде Украинада президент Владимир Зеленский менен жолугушары белгилүү болду.



Тектеш кабарлар