Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

Операцияда эки ДЕАШ мүчөсү кармалып Түркияга алып келинди.

1813921
Улуттук чалгындоо уюму операция жүргүздү

Улуттук чалгындоо уюму (MIT) тарабынан Сирияда жүргүзүлгөн операцияда Түркияга каршы кол салууга даярданганы аныкталган эки ДЕАШ мүчөсү кармалып өлкөгө алып келинди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, MITтин жергиликтүү чалгындоо иштеринин натыйжасында кармалган ДЕАШ мүчөлөрү О.М. жана М.К. Хатай облустук жандармерия командирлигине өткөрүлүп берилди.

Колго түшкөн террористтер алдын ала берген билдирүүсүндө, Түркияга жана Сириядагы Түрк куралдуу күчтөрүнө кол салууну пландап жатышканын айтты. 

Террорчулар аймактагы ДЕАШ мүчөлөрүнө жардам бергендерин да билдиришти. 



Тектеш кабарлар