Президент мугалимдер менен ифтар программасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң аз стресске кабылган мугалимдер биздин мугалимдер», - деди.

1809159
Президент мугалимдер менен ифтар программасына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган : «Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң аз стресске кабылган мугалимдер биздин мугалимдер», - деди .

Президент Эрдоган Президенттик комплекстин көргөзмө залында мугалимдер менен билим берүү жетекчилерине берилген ифтар программасына катышты.

«Китепканасыз мектеп болбойт» деген  долбоорунун алкагында эки эле айдын ичинде 16 миң 361 жаңы китепкана курганын белгилеген президент Эрдоган, сабактардын эффективдүү окутулушу үчүн 503 миң класска интерактивдүү доска орноткондорун айтты.

Эрдоган : «Türkiye, акыркы 20 жылда мугалимдердин маянасын эң көп жогорулаткан жана милдеттүү сабактардын санын азайткан өлкө. Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун маалыматы боюнча, Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң аз стресске кабылган мугалимдер да биздин мугалимдер»,- деди.



Тектеш кабарлар