Италиянын ички иштер министри келет
Ламоргезе парламентарийлерге маалымат берди.
Италиянын ички иштер министри Лусиана Ламоргезе мыйзамсыз миграция маселесин талкуулоо үчүн 6-апрелде Türkiyeге келерин билдирди.
Ламоргезе, Шенген келишиминин аткарылышы жана миграциялык кыймылдарды көзөмөлдөө комитетинде Италияга качкындардын агымы тууралуу парламентарийлерге маалымат берди.
2021-жылдын ноябрь айында түрк кесиптеши Сүлейман Сойлу менен жолукканын эске салган ички иштер министри Ламоргезе: "Чыгыш Жер Ортолук деңиз жолунда адам аткезчилигинин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маанилүү. Мен дагы бул стратегиялык түшүнүштү бекемдөө үчүн 6-апрелде Анкарага барам",-деди.
Ламоргезе мыйзамсыз миграция менен бирге күрөшүүнүн маанилүү экенин белгилеп: "Бир гана февраль айында Türkiyeнин Жээк коопсуздук кызматкерлери, багыты Италиянын жээги болгон бир бөлүгү жыгач кайыкта, бир бөлүгү балыкчы кайыкта болгон 8 кайыкта 1283 иммигранттын алдын алынганын билдиришти. Бул дипломатиялык карым-катнаштарга көңүл буруу маанилүү",- деп айтты.