Франциянын президенти Макрон Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү

Эммануэль Макрон ок атышпоо жана Украинада туруктуу тынчтыкты орното турган келишимге жетишүү үчүн президент Режеп Таййип Эрдоган менен иштеше тургандарын айтты.

1801608
Франциянын президенти Макрон Эрдоган менен жолугушуу өткөрдү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон ок атышпоо жана Украинада туруктуу тынчтыкты орното турган келишимге жетишүү үчүн президент Режеп Таййип Эрдоган менен иштеше тургандарын айтты.

Эммануэль Макрон Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн НАТО жана Чоң жетилик саммитинен кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Президент Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен да жолукканын билдирген Макрон, Путин менен жолуккан лидерлер менен координацияда экенин билдирди.

Макрон, Эрдоган менен 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна көз карашы бирдей экенин жана бул кризистин кыска мөөнөттө чечиле албасын белгиледи.

Украинада ок атышпоо жана туруктуу тынчтыкты орното турган келишимге жетишүү үчүн Эрдоган менен иштеше тургандарын баса белгилеген Эммануэль Макрон, эки лидер катары Украинада, өзгөчө Мариуполь шаарында биргелешкен гуманитардык операция уюштурууну чечкендерин белгиледи. .

Президент Эрдоган менен жолугушуусунда аймактык маселелердин да сүйлөшүлгөнүн билдирген француз лидер, учурдагы абалдын Түркия менен болгон белгисиздикти жоюу жана ачыктоо үчүн бир мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Макрон Ливия жана Жакынкы Чыгыш боюнча Түркия менен кызматташууга негизделген стратегиянын кайрадан аныкталышы мүмкүн экенин айтты.



Тектеш кабарлар