Эрдоган : "Путин жана Зеленский менен НАТО саммитине баа беребиз"

Президент Эрдоган НАТОнун  мамлекет жана өкмөт башчыларынын кезексиз саммити үчүн барган Бельгиядан кайтышында учакта журналисттер менен маектешти.

1802093
Эрдоган : "Путин жана Зеленский менен НАТО саммитине баа беребиз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен кечээ Белгиянын борбор шаары Брюсселде болгон НАТО саммитине баа беришерин белгиледи.

Президент Эрдоган НАТОнун  мамлекет жана өкмөт башчыларынын кезексиз саммити үчүн барган Бельгиядан кайтышында учакта журналисттер менен маектешти.

Глобалдык коопсуздукту кабыл алууда олуттуу өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде  НАТО союздаштары катары чогулгандарын белгилеген Эрдоган, саммитте Россия - Украина согушундагы абалдар  жана анын кесепеттерин карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондорун белгиледи.

«Саммитте Россия менен Украинанын ортосунда ок атышпоо жана тынчтыктын түзүлүшүнө карата жүргүзгөн тыгыз дипломатиялык демилгелер тууралуу союздаштарыбыз менен маалыматтарды бөлүштүк»,- деген Эрдоган саммиттин бардык тараптан түшүмдүү жана ийгиликтүү өткөндүгүн айтты. Бул жерде Түркиянын НАТО союздаштарынын арасындагы өзгөчө орду жана аймактагы орчундуу ролунун дагы жакшы  түшүнүлгөндүгүн белгилеген президент : «Түркия аймактык коопсуздугунун түзүлүшү үчүн негизги союздаш»,- деди.

Түркиянын согушту акырына чыгаруу үчүн башынан бери аракет кылып жаткандыгын айткан Эрдоган бул багытта иштөөнү улантышарын белгиледи. 

Путин жана Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган : «Бүгүн Зеленский менен сүйлөшүү өткөрөбүз. Путин менен жуманын акырында же жуманын башында сүйлөшүү болот. НАТОдогу сүйлөшүүлөргө баа беребиз»,- деди.

Орус аскерлери 24 -  февралда Украинага кол сала баштаган.



Тектеш кабарлар