Түркия Афганистандагы кыз балдардын билим алуусун улантуусун каалайт
Түркия Афганистанда кыздардын орто билим алуусуна коюлган чектөөнү жоюга жана бардык курактагы кыздардын билим алуусуна уруксат берүүгө чакырды.
Түркия Афганистанда кыздардын орто билим алуусуна коюлган чектөөнү жоюга жана бардык курактагы кыздардын билим алуусуна уруксат берүүгө чакырды.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Афганистанда кечээ башталган жаңы билим берүү мезгилинде кыз балдардын орто билим алуусуна карата чектөөлөрдүн улантылышынан тынчсыздануулардын болгондугу белгиленди.
Билдирүүдө, афган элинин көпчүлүгүнүн бардык студенттердин, анын ичинде кыздардын жаңы билим берүү мезгилинде билимин улантуусун күтөөрү белгиленгенип : «Афганистан Убактылуу Өкмөтүн оболу афган калкынын пайдасы үчүн кенен түрдө бардык курактагы кыз балдардын билим алышына уруксат берүүгө чакырабыз, бул кыйын күндөрдө афган калкынын жанында болууну улантарыбызды баса белгилейбиз»,- деп айтылды.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.