Түркия Сомалиге 290 миң доза вакцина жиберди
Баш шаар Могадишого жеткен 290 миң 400 доза Синовак вакцинасы сомалилик жетекчилерге тапшырылды.
1800747
Түркия Ковид - 19 эпидемиясы менен күрөшүүгө колдоо көрсөтүүнүн негизинде Сомалиге 290 миң доза вакцина жиберди.
Түркиянын Могадишо элчилигинен берилген маалыматка караганда президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулдагы 3 - Түркия - Африка өнөктөштүк саммитинде жарыялаган «Африкага 15 миллион доза вакцина жардам берүү программасынын» негизинде Сомалиге биринчи партия жиберилди.
Баш шаар Могадишого жеткен 290 миң 400 доза Синовак вакцинасы сомалилик жетекчилерге тапшырылды.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.