Түркия Батыш Фракиядагы мүрзөнүн талкаланышын айыптады

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1797910
Түркия Батыш Фракиядагы мүрзөнүн талкаланышын айыптады

Түркия, 16-мартта Батыш Фракияда Ксантинин Хорозлу айылындагы Осмон доорунан калган мусулман азчылык көрүстөнүнүн футбол аянтчасын куруу шылтоосу менен жок кылынышын айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, мүрзөнүн 16-мартта талкаланышы айыпталып: «Булустра (Авдира) шаарынын мэринин буйругу менен ишке ашырылган адамгерчиликке жатпаган кыймылга байланыштуу Грециянын карамагында керектүү иштер аткарылды»,-деп маалымдалды.

Билдирүүдө Түркиянын демилгелерине оң жооп берген грек бийлигинин керектүү сезимталдыкты көрсөтүү менен баштаган иликтөөсүн бүтүрүшү жана көрүстөндү эң кыска убакытта калыбына келтирүүсүнүн күтүлгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар