Түркия Нигерге 200 миң доза вакцина жөнөттү

Президент Эрдоган 3-Түркия-Африка өнөктөштүк саммитинде 15 миллион доза Синовак вакцинасынын Африка өлкөлөрүнө бериле турганын маалымдаган.

1796042
Түркия Нигерге 200 миң доза вакцина жөнөттү

Түркиянын Нигерге берген 500 миң доза коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын 200 миңи өлкөгө жетти.

Түркиянын Ниамейдеги элчилигинин билдирүүсүнө караганда, Түркия тарабынан Нигерге берилген 500 миң доза Синовак вакцинасынын 200 миң дозасы Ниамей аэропортунда уюштурулган аземде Нигердин саламаттыкты сактоо, калк жана социалдык иштер министри доктор Иди Илиассу Майнассарага тапшырылды.

Аземде сөз сүйлөгөн Түркиянын Ниамейдеги элчиси Мустафа Түркер Ары Түркиянын Ковид-19 пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында 2020-жылдын июнь жана июль айларында Нигерге жабдууларды жана шаймандарды бергенин эске салды.

Нигердин пандемия менен күрөшүүдөгү аракеттерин мактаган элчи Ары Түркиянын Нигерге колдоо көрсөтүүсүн уланта турганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 2021-жылдын 16-18-декабрында Стамбулда өткөрүлгөн 3-Түркия-Африка өнөктөштүк саммитинде 15 миллион доза Синовак вакцинасынын Африка өлкөлөрүнө бериле турганын маалымдаган. 



Тектеш кабарлар