Түркия танктарды Индонезияга тапшырды

10 даана Каплан MT орто класстагы танктарды Индонезияга жөнөтүүдөн мурда борбор шаар Анкарада тапшыруу аземи өткөрүлдү.

1795963
Түркия танктарды Индонезияга тапшырды

Түрк коргонуу фирмасы тарабынан сериялык өндүрүшү аяктаган 10 дана Kaplan MT орто класстагы танктар аземде индонезиялык жетекчилерге тапшырылды.

FNSS коргонуу системалары, Индонезиянын PT Pindad компаниясы менен 2019-жылы кол коюлган 'Kaplan MT (HARIMAU) орто салмактагы танктарды массалык түрдө чыгаруу боюнча узак мөөнөттүү кызматташтык келишиминин' алкагында зооттолгон унаалардын биринчи партиясын чыгарууну аяктады.

Долбоордун алкагында иштелип чыккан 10 даана Каплан MT орто класстагы танктарды Индонезияга жөнөтүүдөн мурда борбор шаар Анкарада тапшыруу аземи өткөрүлдү.

FNSS ишканаларында уюштурулган программага; Президенттиктин Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир, Индонезиянын кургактык күчтөрү командиринин орун басары генерал-лейтенант Агус Субиянто, Индонезиянын Коргоо министрлиги жана ПТ Пиндад өкүлдөрү менен коноктор катышты.

Компаниянын жетекчилеринин аземде сүйлөгөн сөзүнөн кийин Индонезия бийлигине орто класстагы 10 Kaplan MT танкы тапшырылды.

Аземден кийин басма сөз кызматкерлерине маалымат берген Исмаил Демир, долбоордун эки компаниянын ортосунда көптөн бери уланып жатканын айтып: "Массалык өндүрүш башталды жана тапшыруу иштери уланат. Түркия бронетранспортерлор жагынан абдан жакшы абалда",- деди.



Тектеш кабарлар