Хулуси Акар Шойгу жана Резников менен сүйлөштү

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөрдө Украинадагы акыркы абал талкууланды.

1794189
Хулуси Акар Шойгу жана Резников менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар орус жана украин кесиптештери Сергей Шойгу жана Алексей Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөрдө Украинадагы акыркы абал талкууланды.

Акар Шойгу менен сүйлөшүүсүндө орус портторунда күтүп жаткан жарандык кемелердин Түркияга коопсуз түрдө келиши үчүн берилген колдоонун жана эвакуация үчүн гуманитардык коридордун ачылышынын маанисин белгилеп, дагы көп өлүм  - житим болбошу үчүн чукул түрдө ок атышпоонун жарыяланышы зарыл экендигин баса белгиледи. 

Акар өзгөчө гуманитардык жардам тууралуу бардык жардамды берүүгө аракет кылган Түркиянын аймакта тынчтыктын түзүлүшү үчүн мындан мурда болгондой мындан кийин да өзүнө түшкөн милдетти аткарууга даяр экендигин дагы бир жолу баса белгиледи. 

 


 



Тектеш кабарлар