Түрк жарандарын Украинадан эвакуациялоо иштери уланып жатат

Министр Чавушоглу кечээ Твиттердеги баракчасына жазган билдирүүсүндө, Украинанын Херсон, Суми, Запорожье, Чаплинка, Одесса, Львов жана Киев шаарларынан дагы 699 түрк жаранынын жолго чыкканын белгиледи.

1792169
Түрк жарандарын Украинадан эвакуациялоо иштери уланып жатат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусия-Украина согушунан улам ушул убакка чейин 13 миң 120 түрк жаранынын эвакуацияланганын билдирди.

Министр Чавушоглу кечээ Твиттердеги баракчасына жазган билдирүүсүндө, Украинанын Херсон, Суми, Запорожье, Чаплинка, Одесса, Львов жана Киев шаарларынан дагы 699 түрк жаранынын жолго чыкканын белгиледи.

Чавушоглу эвакуацияларга байланыштуу бөлүшкөн графикте 258 кишинин поезд менен Херсон, Киев, Запорожье жана Чаплинкадан 441 кишинин да автобустар менен Суми, Одесса, Львов, Херсон, Запорожье, Чаплинкадан эвакуацияланганын белгиледи.

Кечээ 115 кишиге чек арадан өтүүдө колдоо көрсөткөндөрүн билдирген Чавушоглу, согуштун башталышынан бери 4 миң 572 кишиге чек арадан өтүүдө колдоо көрсөтүлгөнүн айтты.

Чавушоглу кечээ эвакуацияланган 699 киши менен согуштун башталышынан бери эвакуацияланган түрк жарандарынын санынын 13 миң 120га жеткенин маалымдады.

Министр Чавушоглу: «Жарандарыбызды коопсуз эвакуациялоо боюнча пландарыбыз уланууда»,-деди.

Бир тараптан Транспорт жана инфраструктура министрлигинин Деңиз иштери боюнча башкы башкармалыгы, Украина портторунда күтүп турган түрк желектүү же менчик 23 кемедеги 83 кызматкердин эвакуацияланганын кабарлады.



Тектеш кабарлар