Түрк аба жолдору «Stopover мейманкана кызматын» кайрадан баштады

THYнын басма сөз кызматы билдирүү жасады.

1792471
Түрк аба жолдору «Stopover мейманкана кызматын» кайрадан баштады

Түрк аба жолдору (THY) узакка созулган трансферлери бар жүргүнчүлөргө Стамбулда мейманкана сунуштаган жана коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан улам убактылуу токтотулган «Stopover мейманкана кызматын» кайрадан баштады.

THYнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, узакка созулган трансферлери бар жүргүнчүлөргө дүйнөнүн трансфердик борбору Стамбулду көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган авиакомпания, пандемиялык шарттардан улам убактылуу токтотулган мейманкана кызматын 2022-жылдан тарта улантат.

Stopover мейманкана кызматында THY аркылуу каттам убактысы узак болгон жүргүнчүлөр эконом класстагы 4 жылдыздуу мейманканада 1 түн, бизнес класстагы 5 жылдыздуу мейманканада 2 түн акысыз жана кошумча келишимдик мейманканаларда күнүмдүк 49 доллардан башталган баалар менен кала алышат.



Тектеш кабарлар