Октай: «Каспий коридору абдан активдүү боло турган линияны түзүүнү каалайбыз»

Казакстандагы 2 күндүк расмий сапарын Анадолу агенттигине баалаган Октай, Орусия-Украина согушунан улам аймакта кызуу күн тартиби бар экенин айтты.

1790480
Октай: «Каспий коридору абдан активдүү боло турган линияны түзүүнү каалайбыз»

Вице-президент Фуат Октай Түркия менен Казакстандын ортосундагы темир жол жана автотранспортто орток коридордун дагы функционалдуу болушу үчүн Каспий коридору абдан активдүү боло турган линияны түзүүнү каалашкандарын айтты.

Казакстандагы 2 күндүк расмий сапарын Анадолу агенттигине баалаган Октай, Орусия-Украина согушунан улам аймакта кызуу күн тартиби бар экенин айтты.

Түрк Мамлекеттери Уюмунун мүчөсү Казакстанга экономикалык жана соода карым-катнаштарын кеңешүү жана баалоо үчүн баргандарын белгилеген Октай, аймактагы кризистин соңуна чыгарылышы үчүн биргелешип кандай иш алып баруу керектигин сүйлөшкөндөрүн айтты.

Фуат Октай, өзгөчө Биргелешкен экономикалык комиссиянын алкагында экономикалык жана соода карым-катнаштарын ийне-жибине чейин баалагандарын жана изилдөөлөрдүн натыйжасында көптөгөн секторлорду камтыган абдан кеңири иш планы боюнча макулдашкандарын белгиледи.

Темир жол жана автотранспорт тармагында орток коридордун келечек үчүн дагы функционалдык болушу үчүн иштеп жаткандарын белгилеген Октай: «Бизде Түркиядан дээрлик күн сайын бул аймакка келген жана Кытайга чейин созулган экспорттук поезд бар. Биз Транскаспий деп атаган линияны түзгүбүз келет, ал жерде Каспий коридору абдан интенсивдүү түрдө ишке киргизилет. Ал буга чейин бар, бирок биз анын кубаттуулугун жогорулатууну жана кеңейтүүнү каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар