Измир портуна эки круиздик кеме токтоду

Өзтүрк 2024-жылы түрк портторуна 2 миллиондон ашуун туристти күткөндөрүн билдирди.

2138901
Измир портуна эки круиздик кеме токтоду

"MSC Cruises" жана "MSC Divina" круиздери Измир портуна келди.

Бажы процедураларынан кийин кемелерден түшкөн 4 миң 761 жүргүнчү шаардын борборунан тышкары Пергамон жана Эфес байыркы шаарлары менен Бүбү Мариямдын үйүн зыярат кылуу үчүн порттон жөнөп кетишти.

"MSC Divina" кемесинин сезондо Измирге 25 саякат жасай турганы белгилүү болду.

Деңиз соода палатасынын Измир филиалынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Юсуф Өзтүрк Түркияда круиздик туризмдин жакшы, туура жана ылдам кадамдар менен өсүп жатканын айтты.

Өзтүрк 2024-жылы түрк портторуна 2 миллиондон ашуун туристти күткөндөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар