Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу НАТО штабында жолугушууларды өткөрдү

Чавушоглу НАТО штабында  Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс жана Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен жолугушту.

1789446
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  НАТО штабында жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабында Россия  -  Украина маселеси талкууланган НАТОнун кезексиз тышкы иштер министрлер жыйынына катышты. 

Министр Чавушоглу жыйындан кийин Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан менен жолугушту.

Министр Чавушоглу жыйындан мурда  Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс жана Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен жолугушкан.  Чавушоглу  Twitterден берген маалыматында Трасс жана Ауреску менен Украинадагы акыркы абалдарды жана эки тараптуу карым  - катнаштарды карап чыгышкандарын белгиледи. 

Чавушоглу өзгөчө түрк жарандарынын эвакуацияланышына берилген колдоо үчүн кесиптеши Аурескуга ыраазычылык билдирди. 
Тышкы иштер министри  Мевлүт Чавушоглу кечээ да  Украинанын тышкы иштер министри  Дмитро Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөн.  Сүйлөшүүдө Украинадагы абалдар каралды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тараптардын жарандардын эвакуацияланышы үчүн аймактык деңгээлде да болсо коридор түзүү тууралуу  макулдашууларынан улам  Түркиянын ыраазы болгондугун айтты. 

Чавушоглу бул коридордун бир тараптан жарандарды эвакуациялоо мүмкүнчүлүгүн берсе, бир тараптан бул аймактарга гумантардык жардамдын жеткирилишин жеңилдетерин айтты. 

Эки тараптын делегациялары кечээ экинчи жолу сүйлөшүү столуна отуруп, жарандарды эвакуациялоо үчүн аймактык гуманитардык коридор түзүү боюнча макулдашты.

 

 



Тектеш кабарлар