Седат Өнал: «Европа эң начар коопсуздук кризисине туш болду»

Өнал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Швейцариянын Женева кеңсесинде уланып жаткан Куралсыздануу конференциясына видео конференция аркылуу катышты.

1788636
Седат Өнал: «Европа эң начар коопсуздук кризисине туш болду»

Тышкы иштер министринин орун басары Седат Өнал Европанын кансыз согуштан берки эң начар коопсуздук кризисине туш болгонун айтып: «Курал-жарактарды чектөө жана куралсыздануу жагынан кызматташтык ого бетер маанилүү болуп калды»,-деди.

Өнал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Швейцариянын Женева кеңсесинде уланып жаткан Куралсыздануу конференциясына видео конференция аркылуу катышты.

«Биз учурда Европадагы кансыз согуштан берки эң начар коопсуздук кризисине туш болуп жатабыз»,- деп айткан Өнал, өлкөлөрдүн жамааттык коопсуздугуна салым кошкон эл аралык келишимдер менен милдеттенмелердин күмөндүү болуп калганын баса белгиледи.

Бул контекстте Түркиянын Украинанын «эгемендигин, жеринин бүтүндүгүн жана саясий биримдигин» колдоосун кайталаган Седат Өнал:«Сыноолордун ушул мезгилинде курал-жарактарды чектөө жана куралсыздануу жагынан кызматташтык ого бетер маанилүү болуп калды»,-деди.

Куралсыздануу конференциясынын маанисин баса белгилеген Өнал конференциянын эффективдүү болушу үчүн сүйлөшүү бийлигинин калыбына келтирилиши керектигин белгиледи.

Өнал химиялык курал колдонуунун кайрадан пайда болушунун олуттуу тынчсызданууга себеп болгонун белгилеп:«Сирия режими химиялык куралды кайра-кайра колдонгонун Химиялык Куралга Тыюу салуу Уюму (OPCW) тастыктады. Түркия Уюмдун Аткаруу комитетинин мүчөсү катары бул маселени күн тартибинде кармоону улантат»,-деп айтты.

Министрдин орун басары Өнал өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин куралсыздануу жана жайылтпоо режиминин негизи катары көргөндөрүн баса белгиледи.

Өнал, Иран менен дүйнөлүк державалардын ортосундагы өзөктүк келишим деп аталган Биргелешкен комплекстүү иш-аракет планын (JCPOA) кайра жандандыруу үчүн бардык аракеттерди колдогондорун айтты.

Өнал: «Өзөктүк куралдан жана башка массалык кыргын салуучу куралдардан таза Жакынкы Чыгышты түзүү приоритеттүү маселе бойдон калууда. Биз Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн бул багытта диалогду улантууга чакырабыз»,-деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар