УКМнын «Жаз калканы» операциясынын 2 жылдыгындагы бөлүшүүсү

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) тарабынан Сириянын Идлиб шаарында 2020-жылдын 27-февралынан 5-мартына чейин жүргүзүлгөн «Жаз калканы» операциясы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

1786479
УКМнын «Жаз калканы» операциясынын 2 жылдыгындагы бөлүшүүсү

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) тарабынан Сириянын Идлиб шаарында 2020-жылдын 27-февралынан 5-мартына чейин жүргүзүлгөн «Жаз калканы» операциясынын 2 жылдыгында шейиттерге Аллахтын ырайымы, ардагерлерге ден соолук, бактылуу жана узун өмүр каалоо тилектер айтылды.

УКМнин Twitter аккаунтунан жасалган билдирүүдө,«Идлибде болушу мүмкүн болгон адамзат трагедиясынын алдын алган жана чек араларыбыздын коопсуздугун камсыздаган «Жаз калканы» операциясынын 2-жылында шейиттерибизге Аллахтан ырайым, баатыр ардагерлерибизге узун өмүр жана ден соолук каалайбыз»,делди.

Бөлүшүүдө орун алган операция тууралуу маалыматтар жайгашкан графикада Сирия режиминин Идлибде бейкүнөө жарандарды бутага алган катуу кол салууларынан кийин аймактагы Мехметчиктин (Түрк аскеринин) коопсуздугун камсыз кылуу жана чек арага көчүүнүн алдын алуу максатында 2020-жылдын 27-февралында операция башталганы эске салынды.

2020-жылдын 5-мартында кургактыктан жана абадан жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктаган операция менен Сириянын түндүгүндө башталышы мүмкүн болгон адамзат трагедиясынын алдын алынганы баса белгиленген графикада, «Операцияда активдүү жана эффективдүү колдонулган SİHA (Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар) жана ок атууну колдоо техникалары режим элементтерин чоң жоготууларга учуратты. «Жаз калканы» операциясынын кыска убакытта жыйынтыкталышы, Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарнын (SİHA) жана  ок атууну колдоо техникаларынын талаада көрүлгөн күчү менен операцияларга жаңы бир өлчөм кошту»,деген баалоо жүргүзүлдү.

Мындан тышкары операция менен режимге таандык 3 миң 473 элементи, 3 учак, 8 тик учак, SİHA, 93 танк, 36 бронетехника, 67 гаубица/MLRA (көп стволдуу ракета аткычтар) жана 10 абадан коргонуу системасы жок кылынды.



Тектеш кабарлар