Мевлүт Чавушоглу орус кесиптеши менен сүйлөштү

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка ылайык сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы абалдар талкууланды.

1786055
Мевлүт Чавушоглу орус кесиптеши менен сүйлөштү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. 

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка ылайык сүйлөшүүдө Украинадагы акыркы абалдар талкууланды. 

Министр Чавушоглу аскердик чыңалуунун дагы да күчөшү эч кимге пайда алып келбей тургандыгын  баса белгилеп, Россияны аскердик операцияларды токтотууга чакырды. 

Чавушоглу эгерде  каалоо боло турган болсо Түркиянын Россия менен Украинанын ортосунда өткөрүлүшү мүмкүн болгон сүйлөшүүлөргө жетекчилик кылууга даяр экендигин кайталады.

Мевлүт Чавушоглу Финляндиянын  тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Министрликтен берилген маалыматка караганда эки министр Украинадагы акыркы абалдар тууралуу сүйлөштү. 

 

 

 



Тектеш кабарлар